БИЗ ТУУРАЛУУ

Башкы бет Биз тууралуу

Кыргызстанда №1 халал колбаса азыктарын өндүрүүчү

«Тойбосс» соода маркасы 2012-жылы уюштурулуп, кыска убакыттын аралыгында Кыргызстандын базарында сапаттуу, пайдалуу, эң башкысы даамдуу эт азыктарын өндүрүүчү катары өзүн көрсөтө алды.

Биздин компания экологиялык таза жана табигый өндүрүмдөрдөн жасалган, жогору сапаттуу азыктарды гана эмес, а түгүл кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээли менен өз убагында жеткирүүлөрдү сунуштайт.

Салттуу рецепттерди, заманбап технологияларды жана өндүрүштүн жогорку стандарттарын айкалыштыруу компаниябыздын негизги өнүгүү жолу болуп саналат. Сапаттын деңгээлинин туруктуу өсүшү, технологиялык рецептураларды так сактоо жана «Халал» гана азыктарын колдонуу – компаниябыздын өндүрүштүк ишинин негизи болуп эсептелет.

2017-жылы «Тойбосс» соода маркасы ийгиликтүү аудит өтүп, азык-түлүктүн коопсуздугунун башкаруу тутумун жана ХАССП тутумунун принциптерин сактоо менен, TÜV Thüringen e.V. эл-аралык уюмунун ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 жана FSSC 22000 талаптарына ылайык тастыкталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы Биримдигинин техникалык регламенттери боюнча иштеген ишканасы болуп таанылды. Ошондой эле өндүрүш халал принциптери боюнча жүргүзүлөт жана Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартына ылайык тастыкталган.

 

Биздин миссия


Компаниянын миссиясы – бул керектөөчүлөрдүн жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн бардык күчтөрүн жумшоо. Биз жетишкендиктер менен токтоп калбайбыз! Биз жаңы-жаңы жетишкендиктерге шыктанабыз! Биз алдыга чоң максаттарды коюудан коркпойбуз. Коюлган чоң максаттар оң натыйжага жетүүгө жардам берет жана ушул максаттарды ар дайым сактоого кызыктырат. Биз атаандаштык шарттары менен көп жумуш орундарын түзүп,  өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө болгон салымыбызды кошуп жатабыз.

 

Сыйлыктар


Өнүмдөрдүн кеңири ассортименти эл аралык көргөзөмөлөрдө көрсөтүлдү. Компания өлкөбүздөгү мыкты колбаса азыктарынын өндүрүүчүсү катары алтын медалдар менен сыйланган. 

 

Биздин өндүрүш


Техникалык регламентке жана азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандартына ылайык 2017-жылы FSSC 22000 башкаруу тутумуна дал келген этти кайра иштетүүчү завод ишке киргизилген.


 

Лаборатория


Бул бөлүм өнүмдүн жана чийки заттын микробиологиялык, физикалык-химиялык жана органолептикалык сыноолорун жүргүзүп, ошондой эле өндүрүштүк орундардын жана жабдуунун санитардык сыноолорун өткөрөт.

 

Гигиена


Заводдун жабдуусу санитардык-техникалык ченемдерге туура келет. Кызматкерлер санитардык-гигиеналык талаптарды милдеттүү түрдө аткарат. Өндүрүштөгү тазалыкты сактоо үчүн керектүү бардык шарттар караштырылган.

 

Жабдуу


Жогорку сапаттуу өнүмдөрүн алуу үчүн завод алдыңкы дүйнөлүк бренддердин заманбап технологиялык жабдуусу менен жабдыкталган.

Өндүрүш процессин өркүндөтүү жана жакшыртуу үчүн эң акыркы иштетүүлөр жана инновациялык технологиялар колдонулат. Жылуулук энергиясынын рекуперациялоо сыяктуу инновациялык чечимди колдонуу аркылуу энергияны натыйжалуу пайдаланууну жана үнөмдөөнү жогорулатууга, ошондой эле зыяндуу чыгындыларды азайтууга жеттик, бул заводду айлана-чөйрөнү кирдетпеген ишканага айландырат.

FSSC 22000 стандарттарына шайкештик

Азыктар TÜV Thüringen e.V. эл аралык уюму менен тастыкталган жана ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 жана FSSC 22000 талаптарына ылайык келет.

 

Өндүрүш имараты


Өндүрүш имараты аткарылуучу өндүрүштүк процесстерин эске алуу долбоору менен иштетилип курулган. Айлана-чөйрөдөн келген азык-түлүктөргө коркунуч жараткан потенциалдуу булгоо жана кооптуулук булактары эске алынган. Ички бөлмөлөрдү пландаштыруу материалдардын, азыктардын жана адамдардын өз ара булгоону болтурбоо маселеси эске алынып жүзөгө ашырылган. Ички курулуштар, дубалдар, шыптар жана полдор агрессивдик жуучу жана тазалоочу каражаттарга туруктуу атайын курулуш материалдарынан жасалган.

 

Камсыздоо тутумдары


Ичүүчү сууну, абаны жана желдетүүнү камсыздоо тутумдары стандарттарга жана микробиологиялык талаптарга шайкеш келет. Имаратка берилген абанын сапаты булгоо тоболкелчигин жоюу үчүн туруктуу түрдө көзөмөлдөнөт. Желдетүү тутумдары булганган же чийки зат аймактардагы аба агымы таза аймакка кирбегендей жасалган.

 

Касапкана


Заманбап касапкананын өткөрмө жөндөмдүүлүгү бир сменада 22 тонна тирүү салмагын түзөт. Цех Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы Биримдигинин техникалык регламенттерине ылайык келип, ХАССП тутумунун азык-түлүктүн коопсуздугун көзөмөлдөө принциптерин сактоо менен, TÜV Thüringen e.V. эл-аралык уюму тарабынан тастыкталган. Мындан тышкары, касапкана ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 жана FSSC 22000 талаптарына дал келет. Мал союу халал принциптерин так сактоо менен жүзөгө ашырылат, Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгы жана КМС (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарты) боюнча тастыкталган.

 

Мал союнун алдында кармоо


Малдын башын аныктоо үчүн аларды сойуунун алдында 150 башка чейин кармоо караштырылган. Малдын канынан ветеринардык препараттарды чыгаруу максатында биздин адистер 21 күндөн 30 күнгө чейин кылдат карап жана экологиялык таза жем берүүнү камсыздайт. Көзөмөлдөн жана кармоодон өткөн мал кандын анализин алуу үчүн суткалык кармоо бөлмөсүнө жиберилет. Өтпөгөн малдар дарылоо учун карантиндик бөлмөдө кармалат.