Жарыялар

Башкы бетЖарыялар «Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасында биринчи бройлер фермасын куруу”

«Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасында биринчи бройлер фермасын куруу”

Июль 17, 2020, 2:01 д.п.
«Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасында биринчи бройлер фермасын куруу”

Достор! Сүйүнчү! 

Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду «Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасында биринчи бройлер фермасын куруу” долбоорун каржылоону жактырды. Насыя каражаттары алдыңкы өндүрүш жабдууларын сатып алууга жана ферманын курулуш-монтаждоо иштерине жумшалат.
Учурда тоок этинин 80% дан ашыгы чет өлкөдөн алынып келинет. Долбоорду ишке ашыруу импортту алмаштырууга өбөлгө түзүп, калктын жана Кыргыз Республикасынын эт иштетүүчү ишканаларынын тоок этине болгон ички керектөөнү канааттандырууга шарт түзѳт.

Ысык-Көл облусунда биринчи бройлер фермасын куруу - бул Кыргыз Республикасынын аймагында 180ге жакын жаңы жумушчу орундарын түзүү жана
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Кылган кызматыбыз Кыргызстандыктарга арналат!