Жарияланымдар

Басты бетЖарияланымдар Шишкебектин сырлары

Шишкебектин сырлары

Фев. 20, 2020, 6 д.п.
Шишкебектин сырлары

Жаз жакындап келе жатат. Жаратылыш коюнуна чыгып, шишкебек бышыруунун кызып турган учуру. Эмне үчүн маринаддалган эт жөнөкөй этке караганда даамдуу болот? Тойбосс соода маркасынын кеңешине кулак салыңыз.

🍗🍗🍗 Этти туура тандоо.

Жаңы союлган жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Мал союлгандан кийин 3 саатан кийин этти пайдалануу туура. Анткени эттин тарамыштары бул, убакытта жазалып, кесүүгө жеңил болот. Шишкебеке малдын арткы сан эти, төш эти, кабыргаларыб ич эттери жарайт.

🥘🥘🥘 Маринаддоо.

Маринаддого кошулган лимон, анар, ананас, киви ширелери кычкыл болгондуктан эттеги микрорганизимдерди жок кылат жана этти жумшартып, сиңимдүүлүгүн арттырат. Маринадга пияз, сарымсак кошууну унутпаңыз. Булар антиоксиданттар болуп саналат. Маринад эттин даамын ачат. Этти айнек же чопо идишке даярдоо керек. Эттин кесими канчалык көп болсо, ошончолук көпкө маринаддоо абзел.

♨️♨️♨️ Бышыруу.

Отун толук күйүп, кыпкызыл чок болгондо гана бышырууга киришүү туура. Эт шишке жабышып калбаш үчүн аны өсүмдүк майы менен майлоо шарт. Шишкебектин бышыруу мөөнөтү эттин түрүнө жана тилимдерин көлөмүнө жараша 15-25 мүнөттө даяр болот. Бычак менен ар жеринен тилгенде тунук, быша элегинен күлгүн түстөгү суюктук чыгат.

📝📝📝 Керектелүүчү азыктар: Уй эти – 1 кг, Пияз – 3-4 баш, Киви – 1 даана, газдалган минералдык суу – 0,5 литр, өсүмдүк майы – 2 аш кашык, татымалдар – мурч, калемпир, туз, зире.