Бишкекте «Тойбосс Сэндвич» заводу ачылды
30-августта, Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсу 2/3Б дареги боюнча «Снэк Фудс» («Тойбосс сэндвичи» соода белгиси) заводунун расмий ачылышы болуп өттү.
Ошондой эле, «Снэк Фудс» ЖЧКсынын расмий ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана
Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.
«Снэк Фудс» («Тойбосс сэндвичи») заводунун ишке кириши өлкөнүн жана бүткүл аймактын тамак өнөр жайын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул Борбор Азиядагы снэк азыктарын чыгарган жалгыз ири ишкана.
Завод жылына 18 миллион даанадан ашык продукция чыгара алат. Мындай масштабды дүйнөлүк бренддердин алдынкы технологиялары мүмкүн кылат - REVENT, MIWE айланма мештери жана Fritsch камыр даярдоо линиясы. Мындай жабдуулар Орто Азиядагы бир дагы заводдо жок экендигин белгилей кетүү зарыл.
Автоматташтырылган өндүрүш линиясы сэндвич жана гамбургерлердин булочкаларын үзгүлтүуксүз чыгарууну кепилдейтю. Мештердин бардык бөлүктөрү жеткиликтүү болгонуна байланыштуу аларды тазалоо да оңой.
Жаны «Снэк Фудс» заводу 294 жаңы жумуш орунду түзүп, жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылып, аймактын экономикалык абалын жакшыртат.
«Тойбосс» соода белгиси заводго келген чийки заттарды катуу көзөмөлдөйт. Бардык өндүрүш
процесстери Халал принциптерине ылайык жүргүзүлөт. Муну КМДБ жана Кыргызстандын Халал Индустриясын Өнүктурүү Борбору тастыктайт.