Азирети Муфтий «Тойбосс» ишканасын зыярат кылды
3-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар «Тойбосс» эт азыктарын өндүрүүчү «Адал Азык» ЖЧКсын зыярат кылып, өндүрүү процесси менен жеринен таанышышты. «Жалпыга маалым болгондой, адал эт азыктарын өндүрүүчү «Тойбосс» компаниясы – өлкөбүздөгү ири ишканалардын бири. Ал калайыкты адал азык-түлүк менен камсыздоо багытында чоң-чоң иштерди алып барып келет. Биз менен, тагыраагы Диний башкармалык менен бир топ убакыттан бери тыгыз байланышта болуп, шарият талаптарын так сактап, муфтияттын «Халал» сертификатына ээ болгон. Биз Тойбоссту, бүгүнкү катаал рынок шартына карабай, өндүрүлгөн азыктарынын адал, таза, коопсуз болушуна абдан астейдил мамиле кылган компания катары тааныйбыз. Андыктан Мырзабек Турганбаевич башында турган жамаатка терең ыраазычылык билдирип, алдыдагы иштерине да ийгилик каалайбыз», - деп билдирди Азирети Муфтий өз сөзүндө. Расмий жолугушуудан соң, Азирети Муфтий баштаган аалымдар адал азык-түлүктөрү даярдалган жараян менен жеринен таанышып чыгышты.