Кыргыз Республикасынын Президенти «Адал Азык» башкы директорун сыйлады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн, ошондой эле профессионалдык ишмердиктеги мыкты жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарды Ардак грамоталар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Алардын арасында «Адал Азык» ЖЧКсынын башкы мүдүрү Орумбаев Мырзабек Турганбаевич да бар экенин сыймыктануу менен маалымдайбыз.
Бул Ардак грамота — биздин жетекчибиздин эмгегине берилген жогорку баа гана эмес, бул компаниянын жалпы жамааты үчүн мындан ары да өсүп-өнүгүүнү улантуу үчүн чоң мотивация. Биздин миссиябыз белгилегендей, биз тамак өнөр жайындагы эң жогорку коопсуздук стандарттарын сактоону жана калк үчүн эң мыкты азыктарды өндүрүүнү уланта бермекчибиз.